Результаты анализов

Доставка результатов осуществляется автоматически после готовности. Для просмотра результатов заполните следующие поля

Лаборатория

Sapatlab жөнүндө


"Sapatlab" Кыргызстанда медицина тармагында жаңы багыттуу, биринчи медициналык социалдык лаборатория.


2007-жылдан баштап лаборатория КР саламаттыкты сактоо министрлигинин ГРЮ, №0037473 лицензиясы боюнча иш алып барат.


Лабораториянын негизги иштөө принциби:
-Сапаттуу анализдерди жасоо;
-Коомчулукка медицина тармагында жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү тартуулоо;

Бул лабораторияда дартты аныктоо боюнча төмөнкү көрсөтүлгөн медициналык анализдердин түрлөрү жасалат:
● Гематологиялык изилдөөлөр
● Жалпы клиникалык изилдөөлөр
● Биохимиялык изилдөөлөр
● Коагулограммалык изилдөөлөр
● Иммуноферменттик изилдөөлөр
● Иммунохемилюминесценттик изилдөөлөр
● Бактериологиялык изилдөөлөр
● Полимераздык чынжыр реакциясы.
Лаборатория заманбап анализаторлор (Siemens-Германия, Sysmex-Япония, Beckman Coulter-АКШ, Edif-Италия ж.б.) жана алдыңкы тест системалар менен камсыздалган. Бактериологиялык изилдөөлөр жаңы үлгүдөгү масс-спектрометр (MALDI-TOF) анализаторунда, "Sapa" лабораториясында жүргүзүлөт.
Негиздөөчүлөрү ЖЧК "Профессор Асымбекованын клиникасы" жана Казахстандагы ЖЧК "Sapa" лабораториясы.
Биздин команда медицина илимдеринин докторлору жана кандидаттары, жогорку квалификациялуу дарыгерлер жана лаборанттардан түзүлгөн.

Сапаттуулук ар бир жаранга жеткиликтүү болуусу керек!

Биз жөнүндө