Результаты анализов

Доставка результатов осуществляется автоматически после готовности. Для просмотра результатов заполните следующие поля

30.03.2020

Иммунитетти текшерүү үчүн кандай анализдерди тапшыруу керек?

Азыркы учурда Covid-19 жаңы вирусу менен байланышкан акыркы окуялар бизди колдун тазылыгына, бет кап тагынып жүрүүгө, этият болууга үйрөттү. Бирок булар милдеттүү түрдө кармануу керек болгон тышкы коргонуу гана болуп эсептелет. Бул факторлордон сырткары вирустан коргоонунун эң негизги көрсөткүчү – биздин  күчтүү иммунитетибиз.    Биринчи кезекте ушуну туура түшүнүү зарыл.

Белгилүү болгондой ИММУНИТЕТ – бул организмди инфекциядан коргой турган биологиялык система. Иммундук системанын бузулушунун негизги себептери төмөнкүлөр:

- сасык тумоо жана жугуштуу оорулар. Адам канчалык көп ооруса, анын иммунитети ошончолук төмөндөйт. Организмдин иммундук реакциясы канчалык начар болсо, адамга инфекция ошончолук тез жугат;

- мезгил аралык гиповитаминоз: кыш-жаз мезгилдеринде С жана Д витаминдеринин жетишсиздиги;

- стресс  - күчтүү эмоционалдык жана психикалык стресс алган учурда адреналин, кортизолдон башка ацетилхолин гормону (алсыздык гормону) көбүрөөк бөлүнүп, организмдин иммундук системасын алсыз кылат;

- катуу диета, белок, май жана углеводдордун дисбалансы;

- ичкилик жана тамеки чегүү;

-дары-дармектерди туура эмес колдонуп, өзүн-өзү дарылоо.

Биздин лабораторияда кандын сары суусундагы, ар кандай класстардагы иммундук глобулиндеринин топтомун аныктоо ыкмалары менен иммунологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бир гана тест менен иммундук абалды текшерүү мүмкүн эмес жана кереги жок.  Иммунитеттин абалын текшерүү баштапкы иммундук жетишсиздиги бар деп шектелген учурларда гана аныктоо өтө маанилүү. Башка бардык учурларда иммундук абалды көп көрсөткүчтөр (бир катар лаборатордук тесттер)  аркылуу жалпы аныктоо максатсыз.

Өзүңүздүн иммундук абалыңызды баало үчүн Асымбекованын клиникасы жана SAPAT лабораториясы тарабынан сунушталган төмөндөгү негизги деп эсептелген, лаборатордук тесттерди жеткиликтүү баада тапшырсаңыздар болот:

- кандын жалпы анализи 

- фибриноген 

- МНО, протромбиндик индекс, протромбиндик убакыт 

- кандын жалпы белогу 

- АЛТ 

- АСТ 

- креатинин 

- гликацияланган гемоглобин 

- С – реактивдүү белок 

- ТТГ гормону 

Убагында тапшырылган анализдер ооруну алдын алууга жана ден соолугуңуздун  абалын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет!

Бул сиздин үй-бүлөңүздү коргоого жардам берген минималдуу аракеттерибиз!

SAPAT лабораториясы мурункудай эле иштейт. Саат 8:00 - 17:00 чейинки каалаган убакытта лаборант (0552) 206 205 (2 цифрасы) телефону аркылуу Сизди кызыктырган бардык суроолор боюнча маалымат берет.

Биздин дарек

Phones:
+996 990 108 888
Mode:
ПН-ПТ с 7:30 до 16:00
СБ с 7:30 до 14:00
Забор биоматериалов: ПН-СБ с 7:30 до 10:00 ВС с 7:30 до 11:00
СБ с 7:30 до 10:00
ВС выходной
Phones:
+996 990 108 888
+996 557 209 309
Mode:
ПН-ПТ с 7:30 до 16:00
СБ с 7:30 до 14:00
Забор биоматериалов: ПН-ПТ с 7:30 до 12:00
СБ с 7:30 до 10:00
ВС выходной
Phones:
+996 990 108 888
Mode:
ПН-ПТ с 7:30 до 15:00
СБ с 7:30 до 13:00
Забор биоматериалов: ПН-ПТ с 7:30 до 12:00
СБ с 7:30 до 10:00
ВС выходной
Phones:
+996 990 108 888
Mode:
ПН-ПТ с 7:30 до 15:00
СБ с 7:30 до 13:00
Забор биоматериалов: ПН-ПТ с 7:30 до 12:00
СБ с 7:30 до 10:00
ВС выходной
Phones:
+996 990 108 888
+996 550 018 077
Mode:
ПН-ПТ с 7:30 до 16:00
СБ с 7:30 до 14:00
Забор биоматериалов: ПН-ПТ с 7:30 до 12:00
СБ с 7:30 до 10:00
ВС выходной
Phones:
+996 990 108 888
+996 771 111 502
Mode:
ПН-ПТ с 7:30 до 15:00
СБ с 7:30 до 13:00
Забор биоматериалов: ПН-ПТ с 7:30 до 12:00
СБ с 7:30 до 10:00
ВС выходной
Phones:
+996 990 108 888
Mode:
ПН-ПТ с 7:30 до 15:00
СБ с 7:30 до 13:00
Забор биоматериалов: ПН-ПТ с 7:30 до 12:00
СБ с 7:30 до 10:00
ВС выходной